Кадамжайдагы психоневрологиялык мекемеде 41 жылдан бери жашаган кишинин аты-жөнү ушуга чейин такталган эмес

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинен 19 адамдын аты-жөнүн тактаган документтери жок экенин аныктаган. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Мониторинг аларга карата болгон катаал, адамгерчиликсиз мамиленин, кыйноонун же дарылоонун алдын алуу ошондой эле юридикалык жардам берүү максатында жүргүзүлгөн. Мониторингдин жыйынтыгында 19 адамдын паспорту жок экени белгилүү болду. Алардын 15и эркек, 4ү аял киши. Тек-жайы такталбаган жарандардын аталган мекемеде жүргөнүнө көп жыл болсо да, алардын кайдан, качан келгени, жашы канчада экени жана аттары белгисиз.

Мисалга, бул мекемеде 2011-жылдан бери эркек киши жашайт. Анын өздүк ишинде Белгисиз Жоро деп жазылган. Бул атты мекеменин кызматкерлери берген. Ал тууралуу мындан башка чыныгы аты-жөнү, туулган жери, жашы тууралуу да маалымат жок. Ошондой эле, анын жакындарынын бар-жогу белгисиз. 2011-жылдан бери анын аты-жөнү аныктала элек. Бул стационардык мекемеде 1983-жылдан бери жашаган эркек адамдын да, тек-жайы ушул кезге чейин аныкталбай келет. Ким экендиги такталбаган бейтаптардын аты-жөнү өздөрүнүн айтканы боюнча жазылган.

Акыйкатчы институту өз мандатына ылайык бейтаптардын укугун камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга расмий каттар жөнөттү. Расмий маалымат боюнча 19 бейтаптын, 11инин адам туулгандыгы тууралуу актылары да жок болуп чыккан. Ага байланыштуу алар туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышкан эмес. Материал даярдалып жаткан учурда, 19 адамдын бирөөнө паспорт берилген. Калган 7 бейтап боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Расмий маалымат боюнча жалпы психоневрологиялык социалдык стоционардык мекемелердин 142 жашоочусунун паспорту жок.