Кадамжайдагы Өзбекстан куруп жаткан оорукана 1 аптада ишке кирет

Кечээ, 7-декабрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен облусуна иш сапарынын жүрүшүндө Кадамжай шаарындагы жугуштуу оорулар оруканасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Гуманитардык көмөк берүү алкагында курулуп жаткан медициналык мекеменин имараты жыйынтыкталуу алдында турат. Эки корпустан турган, 214 орунга ылайыкталган оорукана 5-7 күн ичинде пайдаланылууга берилмекчи. Курулуп жаткан имаратты көрүп чыккан соң, Новиков курулуш иштерин ыкчамдатууну белгиледи.

Өзбекстан тез курулуучу конструкциялардан турган эки медициналык мекемени курууга көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Ооруканалардын бири – Бишкекте, ал эми экинчиси Кадамжайда курулууда.