Кадамжайдагы психоневрологиялык стационардагы абал боюнча текшерүү иштери башталды

21-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун кызматкерлери Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышкан. Барган учурда бир нече мыйзам бузуулар аныкталганын билдиришкен.

«Температуралык режим сакталган эмес: мекеменин коридорлорунда абанын температурасы болгону +5°C, ал эми уктоо бөлмөлөрүндө +11°C ден +13°C ке чейин жетет. Мунун айынан кызмат алуучу адамдар бөлмөлөрдө сырткы кийим жана баш кийим менен жүрүүгө аргасыз болушууда, ошондой эле уктоочу матрастар антисанитардык абалда. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, имарат ичиндеги температура +18°C ден +24°C ге чейин болушу керек.

Ошондой эле тамак-аш системасында да кемчиликтер табылган: тамак аштарды даярдоо үчүн, ашкана кызматкерлеринин айтымында, кампадан 20 килограмм чийки эт алынган деп көрсөтүлгөн, бирок иш жүзүндө болгону 8 килограмм бышырылган эт болгон. Андан сырткары, бир ашкана кызматкеринде санитардык китепче жок болуп чыккан. Аныкталган фактылар боюнча акт түзүлүп, тиешелүү органдарга жөнөтүлөт», — деп айтылган маалыматта. 

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы маалымат таратып, факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.