Кадимки окууга Бишкектин мектептери гана кайта элек

Өлкө боюнча 2152 мектеп бар, анын ичинен 1915 мектепке окуучулар мурдагыдай келип билим алып жатышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Марат Усеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда 237 мектептин ачылууга уруксаты жок. “Бир гана Бишкектеги билим берүү мекемелерине уруксат бериле элек. Шаардагы 97 мектептин 30 пайыздан ашууну 3-4 сменага бөлүнүп окушат. Бир класста 50дөй окуучу бар. Ошол үчүн да 1-класстын окуучуларына гана мектепке барып окууга уруксат берилген”, — деди Усеналиев.