Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков Баткенге жардам штабын ачышты

Бишкекте аймактагы акыркы окуяларга байланыштуу Баткен облусуна жардам берүү штабы ачылды. Штабдан билдиришкендей, анын демилгечилери Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев менен «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков.

Маалыматта штабдын ишин тескөө Кадыр Атамбаевге жүктөлгөнү, анын орун басары экс-депутат Ашэра Халикова экени айтылат.

«Биз штабда күндө Баткен жашоочуларына гуманитардык жардам чогултуп, жөнөтүп турабыз. Ал жакта көптөрдү, балдарды, аялдарды эвакуациялап жатышат. Азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек, төшөнчүлөр, идиш-аяк, суу жана башкалар керек деп ойлойм», — деп Фейсбукка Султанбеков жазды.

Штаб менен байланышуу үчүн телефондор: