Кадырбек Атамбаев: «Атам карда жылаңайлак турууга аргасыз болгон. Ага катуу суук тийген»

«Атам карда жылаңайлак турууга аргасыз болгон. Ага катуу суук тийген». Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүн колонияга барып, атамды көрүп чыгып, Жазаларды аткаруу кызматынын калпына жеке күбө болдук. Атамдын денесинде териси сыйрылган, тизеси канаган жаракаттар бар. Кечээ атам өз бөлмөсүндө ооруп төшөктө жаткан. Түшкү саат бир чамасында анын камерасына Жазаларды аткаруу кызматынын ондой кызматкерлери кирип, аны колу-бутунан кармап, ич кийимчен сүйрөп жөнөшкөн. Тепкич менен ылдый жерге түшкөн соң, атам карда жылаңайлак турууга аргасыз болгон. Атамдын бөлмөсүнүн эшигинин тушунда камера бар, баарын оңой эле текшерсе болот. Колониянын администрациясы жана Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилиги атамды камакта кармоого болбогон жүрөк оорусу бар экендигин жакшы билишет. Кечээги цирк — бул анын саламаттыгына каршы даярдалган чагым. Жыйынтыгында, атама катуу суук тийип, ангинасы башталды. Жүрөгү жана омурткасындагы оору күчөдү, бирок эрки бекем», — деп жазылат Кадырбек Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Кечээ, 23-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун имаратына Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесске жеткирилген. Анын жактоочулары Атамбаев күчкө салынып алып келингенин билдиришкен. Бирок мурдагы президент аны жеткирип барган унаадан түшүүдөн баш тартып, кийин ага Тез жардам чакыртылып, андан ары кайра колонияга жеткирилген.