Кафе-ресторанда кишинин саны 50дөн ашпасын. Чүй облусунда чектөөлөр киргизилди

Чүй облусунда эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткенине байланыштуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб кафе жана ресторандарда той, куран окутуу жана башка массалык көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу Ысык-Атадагы эпидемиологиялык бөлүмдүн башчысы Акылбек Исаев билдирди.

«Чүй облусунун аймагында илдеттин төртүнчү толкуну балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасынан көбү коронавирус жуктуруп алуусу менен коштолууда. Мындан улам, окуучулардын сабакка келүүсүнө мониторинг жүргүзүү күчөтүлдү. Мугалимдердин жана окуучулардын ичинен коронавирус катталганына байланыштуу карантинге 16 мектеп, 2 колледж жабылып, алар онлайн-окутууга которулду», — деди ал.

Анын айтымында, соңку аптада сасык тумоонун белгилери менен 1400 киши ооруканага кайрылган. «Алардын 80 пайызы омикрон штаммын жуктуруп алгандар деп ойлойм. 190 адамдан коронавирус аныкталды», — деди ал.

Адистин баамында Чүй, Панфилов, Жайыл жана Кемин райондорунда абал оор. Март-май айларында пандемия басаңдайт деген версия бардыгын айтат. «Кафе жана ресторандарда бир мезгилде 50дөн ашуун киши болбошу керек. 1,5 метрлик аралык да сакталышы шарт», — деди адис.