Кафеден чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан кыз табылды

Буга чейин дайынсыз болуп, изделип жаткан кыз табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, милицияга ата-энеси кыздын аман-эсен үйүнө барганын айткан. 

24-августта милицияга апасы кайрылып, 2006-жылы туулган кызы 23-августта кафеден чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.