«Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери адашып жүргөн жаранды таап, үйүнө жеткиришти», — деп мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 27-февралда саат 18:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Телман көчөсүнүн жашоочусу жоголду деген маалымат түшкөн.
Айтылган дарекке кайгуулчулар барып, 1952-жылы туулган жаран карылыктан улам эске тутуусу начарлап, адашып кетип, изделип жаткандыгы белгилүү болгон.
Кайгуулчулар көп узабай ал жаранды таап, туугандарына өткөрүп беришти.