Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы шаардыктарды жаңы жыл менен өзгөчө куттуктады.
Майрамга карата кызматкерлер өзгөчө символикалык иш-чара уюштуруп, «2026» деген сан түрүндө сапка тизилишти. «Бул иш-чара жарандарга болгон сый-урматтын белгиси болуп, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат тынымсыз уланып жатканын айгинелейт»,- деп айтылат маалыматта.