Кайгуулчуларга унааларды токтотуу үчүн «таякча» колдонууга уруксат берилди

Ички иштер министрлигинин 2020-жылдын 17-сентябрындагы буйругуна ылайык, мындан ары Милициянын кайгуул кызматы «таякча» менен унааларды токтото алат.

«Милициянын кайгуул кызматынын бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу боюнча нускама» боюнча өзгөртү киргизилген буйрукка ылайык, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматынын бөлүмдөрү коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында унаа каражаттарын токтотууга «таякча» колдоно алышат.

Нускамага ылайык, жол кыймылынын катышуучуларын милициянын кайгуул кызматкерлери токтотууда «таякча» менен жаңсоолорду колдонуу менен, атайын жарык берүүчү, үн сигналдары (ышкырык), ошондой эле кызматтык унааларга орнотулган үн коштоочу каражаттар менен токтото алат. Автоунааларды токтотуу учурунда «таякчанын» жаңсоосу токтотулуучу унаага карата жаңсалып, кийин кайсы жерге токтойт ошол жерди көрсөтүп жаңсоосу тийиш. Жол кыймылынын катышуучусун токтоткондон кийин экипаждагы кызматкерлердин бири айдоочуга жакындап, өзүн тааныштырат (ээлеген кызматын, чинин, толук аты-жөнүн) жана токтотуу себебин айтат, бул учурда экинчи кызматкер укукка каршы иш-аракеттер болуп кетпеши үчүн өнөктөшүн көзөмөлдөп турат. Айдоочуга «таякча» менен токтоткон кызматкер гана басып баруусу шарт.

Бул өзгөртүү жол кырсыктарынын кескин өсүп жаткандыгына байланыштуу, аны кыскартуу жана алдын алууга багыттаган профилактикалык иштерди күчөтүүдө, ошондой эле жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды кол менен жаңсап токтотуу учуру ыңгайсыздыкты жараткандыктан кабыл алынды.