Кайгуулчунун огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраев. Сот отурумга чейин тараптар уруша кетишти

Бүгүн, 21-ноябрда Свердлов райондук сотунда Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча соттук териштирүү башталар алдында жабырлануучу тарап менен айыпталуучулардын өкүлдөрүнүн ортосунда уруш чыкты.

Жаңжал орундан улам башталган. Абдыраевдин апасы соттолуучулардын жакындарына ачууланып, сөздөрдү айткан, ал эми тиги тарап ага жооп узатышып, урушуп кетишкен. 

27-августта Бишкекте Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.