Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева коомдук кабылдамада кайнатасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 20 жаштагы келин менен жолукту.
Үй-бүлө арыз берилген алгачкы күндөрдөн тартып райондук социалдык коргоо кызматынын көзөмөлүндө турат.
Мындан тышкары, министрлик Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгына кыска мөөнөттүү курстардан окуп, сертификат алуу жана кийинкиде ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча жардам көрсөтүүнү тапшырды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги зомбулуктун бардык түрлөрүн кескин айыптап, мындай учурлар министрликтин гана эмес, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын — укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, саламаттык сактоо тармагынын жана Акыйкатчы институтунун өзгөчө көзөмөлүндө турарын баса белгилейт.