«Кайненем жолдошум каза болгон соң, небересинен баш тарткан» дейт уулу айнек сөөк оорусунан жабыркаган эне

Биздин бул жолку каарманыбыз 34 жаштагы эне. Анын 8 жаштагы уулу Анарбек тубаса айнек сөөк оорусу менен жабыркайт. Жалгыз бой эне жолдошу мындан бир топ жыл мурда поездге тебеленип, каза болгонун айтат.

«Уулум кыймылдайт, бирок басып көргөн эмес. Тура да албайт, болбойт. 2013-жылы турмушка чыккам. Балам төрөлгөндөн 1 жылдан кийин жолдошумду поезд тебелеп, каза болуп калган. Жолдошумдун ата-энеси менен катташпайм. 3 ай сайын уулум менен ооруканалап турабыз. Көп убактым балам менен өтөт. 8 жашка чыкканы менен өз алдынча эмес, 24 саат бою баламдын жанында болом. Күйөөмдүн апасы небересинен баш тарткан. Мен ошондой кабыл алдым», — деди ал.