«Кайталанбайт». “ТикТокто” ич кийимин башына кийген кыз элден кечирим сурады

Өткөн аптада депутат Шайлообек Атазов “ТикТок” социалдык тармагын Кыргызстандын аймагында жөнгө салууну сунуштады. Ал арада “ТикТоктун” айрым колдонуучулары түз эфирде бири-бирине тапшырма берип жатышты. “Жекеме-жеке” долбоорунун бул жолку чыгарылышында биз Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, психолог Зарина Усупова, куудул Жакут Сыдыков, ырчы Салтанат Шекенова жана бирине-бири ич кийимди башына кийүү буйругун берип, аны аткарган тиктокчулар Аскат Өмүров менен Пери Жээнбекованы чакырдык.

«Буга чейин эле элден кечирим сурагам. Дагы кечирим сурайм. Аябай өкүнөм. Үйдөгүлөрдөн жаман сөз уктум. Кайталанбайт», — деди Жээнбекова. 

«Мен эфирге кирген сайын туура эмес кылганымды айтам. Мен да кечирим сурайм. Экинчи кайталабайм», — деди Өмүров.