Кайра шайлоо. 9 талапкер ат салышуу ниетин билдирди

БШК бир мандаттуу эки шайлоо округу – Биринчи Май жана Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого катышууга ниеттенген өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден билдирүүлөрдү алууну улантууда.

Жусубалы Керимбаев менен Эдил Бейшенбаевден арыз түшкөнү такталды. Алар Свердлов районунан ат салышат. Буга чейин Свердлов шайлоо округунан Жаныбек Асанбеков, Шадыкан Жакыпбеков, Анвар Сартаев, Назгүл Жолдошова менен Гуля Алмамбетовадан, Биринчи Май шайлоо округунан Эльвира Сурабалдиева, Нурбек Токтакуновдон шайлоо өнөктүгүнө катышуу тууралуу билдирүүлөрдү тапшырышкан.

Жогорку Кеңештин эки депутатын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт.