Кайра шайлоо. Бишкек мэриясы административдик ресурсту алдын алуу үчүн айрым чиновниктерди кызматтан алды

11-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын ачык-айкын кайра шайлоо үчүн бир катар шаар чиновниктери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, муниципалитет шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыздоодо колдоо көрсөтөт, муниципалитеттин кызматкерлеринин арасында шайлоо процессине кийлигишүүгө жол бербөө үчүн чектөөлөрдү сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Ошондой эле, шайлоону административдик ресурстарды колдонбостон өткөрүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

Административдик ресурстардын колдонулушун алдын алуу үчүн Бишкек шаарынын депутаттыгына талапкер кызматкерлер ээлеген кызматынан бошотулду.