«Кайра шайлоо болбойт». БШК “Азаттык” партиясынын талаптарын четке какты

«Кайра шайлоо болбойт». БШК “Азаттык” партиясынын талаптарын четке какты. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин партия массалык мыйзам бузуулар болгонун жана автоматташтырылган башкаруу системасынын маалыматтарын окуп жатканда техникалык ката эмес, атайылап кийлигишүү болгонун айтып, расмий кайрылуу жасаган. Партия ошондой эле өлкө боюнча добуштарды кайра саноону талап кылган. Бирок БШК бул арыздарды канааттандырган жок.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова автоматтык урнага байланышкан бардык шектерди четке кагуу үчүн комссия түзүлгөнүн айтты. Ал мындан тышкары, кайсы учурда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгараларын да айтып берди.