Кайра шайлоо. Эки райондон талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 22ге жетти

27-февралда өтүүчү Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 22 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

Биринчи Май шайлоо округу боюнча:
— Таалайбек Кермалиев;
— Рыскелди Момбеков;
— Адылбек Гапаров;
— Русланбек Акылбеков;
— Рысбай Аматов;
— Анвар Сартаев;
— Нурбек Токтакунов;
— Шадыкан Жакыпбеков;
— Эльвира Сурабалдиева.

Свердлов шайлоо округу боюнча:
— Бакыт Саадабаев;
— Бакыт Бакиров;
— Элнура Алканова;
— Бакытбек Болотбеков;
— Улукбек Тургунбаев;
— Ирина Карамушкина;
— Шайлообек Атазов;
— Муратбек Султанбеков;
— Эдил Бейшенбаев;
— Жусубалы Керимбаев;
— Назгүл Жолдошова;
— Жаныбек Асанбеков;
— Гуля Алмамбетова.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-январда саат 18:00дө аяктайт. Талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга 30-январь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.