Бишкек мэриясы: «Кайра шайлоо күнү коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде иштейт»

Бишкекте шайлоо күнү, 11-июлда коомдук транспорт күчөтүлгөн режимде, таңкы 6дан түнкү 11ге чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

11-июлда шаарда Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо болот. Шаарда 228 шайлоо тилкеси бар: Ленин районунда — 62 , Октябрь районунда — 59, Биринчи Май районунда — 49, Свердлов районунда — 58. «Белгилей кетсек, вице-мэр Виктория Мозгачева шайлоо өткөрүү боюнча штабда оорулуу жарандар үчүн өзүнчө шарттар түзүлөөрүн айтты», — деп айтылат маалыматта.