Кайра шайлоо. Талапкерлерди көрсөтүү 27-январда аяктайт

Бир мандаттуу — Биринчи Май жана Свердлов округдарына талапкерлерди көрсөтүү 27-январда аяктайт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Катышуучулардын саны чектелбегени көрсөтүлгөн. Бюллетенде «баарына каршы» деген графа да болот. БШК талапкерлерди 7-февралга чейин катташы керек. Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда саат 8:00дө аяктайт.