Кайра шайлоо. Токмокто добуштар кайра саналбайт

Токмокто добуштарды кайра саноо болбойт. Мындай чечимди БШК кабыл алды.

Ошентип, «Бирге-Вместе», «Эл Биримдиги» жана «Патриот Ынтымагы» партияларынын арызы канааттандырылды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Токмок АШКсы «Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» партияларынын талабы боюнча добуштарды кайра санап чыгуу чечимин кабыл алуу, жол-жобо бузулгандыгынан кабар берерин айткан. 

«Ошондой эле «Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» бир дагы участокто кол менен саноо жүргүзүлбөгөндүгүн жана жарактуу бюллетендерде дал келбестик болгонун тастыктаган далилдерди келтиришкен жок. Бирок, буга чейин Токмок АШК УШКнын протоколдорун бекиткен. Кол менен саноонун натыйжалары жана башкаруунун автоматташтырылган тутумунун маалыматтары ар дайым 99 пайызда бирдей. Шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берген ушундай электрондук маалымдама пунктунун болгону жакшы», — деди төрайым.

Буга чейин Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке добуш берилген бардык тилкелердин жыйынтыгын кайра карап чыгууну чечип, бул сунушту БШКга жөнөтүшкөн эле.