Кайрадан жаңыдан курулган “Кең-Сай – унаажол” пункту ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында кайрадан жаңыдан курулган “Кең-Сай – унаажол” жана “Уч-Курган – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарынын ачылыш аземине катышты.

Төрөбаев бул пункттар туристтердин агымын жогорулатууга, эки өлкөнүн тең транспорттук-логистикасын жана элдин күнүмдүк жашоосуна ыңгайлуу шарт түзөрүнө ишенээрин билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз Республикасына болгон жогорку даражалуу сапарларынын алкагында Жалал-Абал облусу менен Наманган облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча бекитилген “Жол картасына” ылайык жогорудагы көзөмөлдөө-өткөрүү пунктарын кайрадан жандандыруу маселеси каралган болчу.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу 2023-жылы 14 миллиондон ашуун адам өтсө, 2024-жылдын сегиз айында анын саны 11 миллион адамга жеткен, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1,5 миллион адамга көп. Ал эми өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылы 693,6 миллион долларды түзсө, 2024-жылдын 7 айында 428 миллион долларга жетип, ал 2023-жылдын ушул мезгилине карата өсүү темпи 6,7%ды түздү.