Кайрат Примбердиев мыктыны иргейт… Америкалык ыр сынагынын финалдык Гала концерти өтөт

«Америкалык ыр сынагы 2024» Бишкек шаары, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларынын арасында өткөрүлүп, америкалык ырларды англис тилинде мыкты аткарган 12 жеңүүчүнү Бишкек шаарында финалдык Гала концерттик таймашууга тандап келди. Ал 28-июнь күнү борбор калаанын «Ынтымак 2» сейил багында өтөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен маалымдашты.

Сынак «Lingua» инновациялык билим берүү коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу жана АКШ элчилигинин каржылоосу менен өткөрүлөт. Программанын алкагында орто мектептин 9-11 класстарынын окуучулары англис тилинде америкалык ырларды ырдап, финалдык концертке чейинки мелдеште тандалып келишти. Бул программанын негизги максаты бул — кыргыз жаштарын англис тилин америкалык музыка жана маданият аркылуу окууга шыктандыруу жана ошондой эле орто мектеп мугалимдерин англис тилин окутууда чыгармачыл ыкмаларын колдонууга үндөө болуп эсептелет.

Программа төрт аймактан Бишкек шаары, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарынан ачык чакырык жарыялоо менен 900дөн ашык видео-арыздарды кабыл алды. Финалдык концерттин калыстар тобу белгилүү аткаруучу Кайрат Примбердиев, АКШнын Кыргыз Руспубликасындагы элчилигинин жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн.