Кайрат Примбердиев Ормон хан үчүн кечирим сураганы боюнча түшүндүрмө берди

Социалдык тармакта ырчы Кайрат Примбердиевдин казак журналистине берген маеги талкууга түшкөн. Анда ал казак элинен Кененсарынын башын алган Ормон хан үчүн кечирим сураган.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар аталган хандардын окуясы ташка тамга баскандай көпчүлүккө белгилүү экенин, ал үчүн ырчы кечирим сураганын туура эмес көрүшкөн. Ал эми айрым колдонуучулар бул өткөн тарых экенин, аны козгоп эки элдин ортосуна бүлүк салган туура эмес экенин жазышты.

Бул боюнча Маданият министринин орун басары Марат Тагаев үн катып, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев айрым казак блогерлеринин пропагандасына алдырып, Ормон хан туура эмес кылганын айтып, кечирим сураганын билдирди.

Бул боюнча ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түшүндүрмө берип, ал жеке өзүнүн атынан кечирим сураганын, маек 1 сааттай болгонун, бирок ошол жерин кесип чыгарышканын, видеону толугу менен суратканын айтты. «Мен 1 сааттык маек бергем. Бирок берүүнү форматы ошондой окшойт, мен кечирим сураган жерин калтырышыптыр. Жалпы маекти уга келгенде мааниси түшүнүктүү болмок. Толук видеону мага жөнөткүлө дедим. Себеби, мекендештерибизде бир аз түшүнбөстүк болуп жатат. Сиздердин ачууланып, жинденип жатканыңыздарды түшүнүп жатам. Намыска тийген да учурлар болуп жатат. Менин максатым бири-бирибизден кечирим сурашып, миң жылдык кошуна болуп жашап өтсөк деген мааниде айтылган сөз эле», — деди ал.