СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 34 жаштагы Насипкан Эркин кызы кайрылып, 2023-жылы 20-июнда Бишкектеги 4-төрөтканада 3 эм төрөгөнүн айтты.
«3 эмдеримдин бири уул, экөөсү кыз. Аттарын Мухаммад, Мухлиса, Муслима деп койгонбуз. Жалпы 4 балам бар. Жашоо-шартыбызга, кызымдын окуусуна байланыштуу Оштун Өзгөн районуна караштуу Кароол айылына көчүп келгенбиз. Үйдү ижарага алабыз. Жолдошум такси кызматында иштейт. 3 эм төрөгөндө жер алууга аябай аракет жумшадык. Өлкө башчысына кат жазгам. Администрациядан «жолдошуң Оштон болот экен, катты ошол жакка жөнөтөлү» деген жооп келип, жөнөтүшкөн. Бул жерде жер беребиз, үй салганга демөөрчү табабыз деген. Ошол бойдон жок. Сурап барсак, «Күтө тургула» дей беришет. Азыр 3 эм төрөгөн энелерди кубантып жатышат. Бизге да көңүл бурат деген ойдомун», — деди ал.