Кайсы учурда айдоочу кайра экзамен тапшырат?

8-марттан тартып, бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган төмөнкү айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлгөн мыйзам күчүнө кирди.

ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан быйыл 8-мартта былтыркы 8-мартка салыштырмалуу алкоголь ичип унаа башкарып кармалгандар үч эсе азайганын билдиришти.

8-марттан тарта жаңы эрежелер кирди. Жол кыймылынын төмөнкү эрежелерин бузган айдоочулар кайра сынак тапшырат.

— Унаанын номерин атайын жаап алса, же бирөөсү жок башкарса;

— Инспектордун токтотуу боюнча талабын аткарбай качып кетсе;

— Каршы кыймыл тилкесине чыгып, озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу сыяктуу, адамдын ден соолугуна зыян, өмүрүнө коркунуч жараткан жол эрежесин бузган учурда.

Алкоголдук ичимдик ичип унаа башкарып кармалгандар, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, спирт ичимдигин ичип унаа башкарган учурлар майрам күндөрү көп катталат.