Кайсы учурда референдум өттү деп таанылат?

Референдум өттү деп тааныш үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын 30 пайызынан көбү референдумда добуш бериши керек. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Кыргызстанда Конституцияга өзгөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Бекматовдун айтымында, референдумда көрсөтүлгөн бир вариантты кабыл алуу үчүн, ошол вариантка добуш бергендердин саны шайлоого катышкан жарандардын 50 пайызынан көбүн түзүшү керек.