«Кайын журттун басымына чыдаган жокмун». Ымыркайын таштап, дайынсыз болуп жаткан келин табылды

Ош шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча издөөдө жүргөн келин Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Милиция тарабынан мурда издөөдө жүргөн Ош шаарынын тургуну Сахибохон Кочкарова Бишкекте табылып, туугандарына өткөрүп берилди. Ал 2023-жылдын 28-декабрь күнү жаңы төрөлгөн баласын тууганынын үйүнө таштап, үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон.

Табылган жаран өзүнүн издөөдө жүргөндүгүн билгендигин, үйдөн кайын журтунун моралдык басымына чыдабай чыгып кеткендигин, Бишкек шаарында тигүү цехтеринин биринде жашырынып иштеп жүргөндүгүн билдирди.

“Издөөдө жүргөнүмдү билип, цехтин ичинен чыкпай иштеп, анын ичиндеги атайын жатаканада жатып иштеп жүрдүм. Ошол күнү ооз ачарга бирдеме алайын деп сыртка чыкканымда Оштон келген милициялар кармап алышты. Эртеби-кечпи бары бир үй-бүлөмө барууну ойлоп жүргөм”, — деген ал.