“Кайын журтум бизге майып келин керек эмес деди” дейт келин

Алмагул Сабирали кызы аянты болжолу 3 чарчы метр болгон бөлмөдө жолдошу жана 5 жаштагы уулу менен күн кечирет. Каарманыбыз бул видеодо “белгилүү себептерден улам, бир нече ирет өз өмүрүмө кол салгам, жолдошум мен кош бойлуу кезимде 4-аял алып алган” дейт.

2014-жылы жол кырсыкка кабылып, 3 кабыргам сынган. 1,5 жыл төшөктө жаттым. 1 жылга жакын коляскада отурдум. 25 жашымда турмушка чыккам. Уулумду 26 жашымда төрөдүм. Кайын журт жактан көрбөгөндү көрдүм. Алар инвалид келиндин кереги жок экенин айтышты”, — дейт ал.