«Кайын журтум кызымды чанып, кабыл албай койду» дейт 5 баланын энеси

SuperTV телеканалынын бул жолку каарманы 5 баланы жалгыз баккан 27 жаштагы келин. Ал балдары менен шаар четиндеги таштанды таштоочу жайдын айланысында жашайт. Балдарынын кенжеси 8 айлык. Ал бул видеодо өз башынан өткөрүп жаткан тагдырын баяндап берди.

Анын айтымында, ал Талас облусунун Кара-Буура районунда төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң турмушка чыккан. Жолдошунун кызганычынан улам сабалган күндөрү да болгонун айткан келин кичүү кызын атасы чанып койгонун айтты.

«Аягында сот аркылуу ажырашып, 4 балага 6 миң сом алимент бөлүп коюшту. Ал учурда боюмда бар экенин, төрөгөнүмдү да айткан эмесмин. Жолдошум ал меники эмес деп чанып койду. Ошондон кийин кабар жок. 6 миң сом жетпейт. Мурда бөтөлкө терип келчүмүн, азыр үйдө элемин», — деди ал.