«Кайырмагы жээктен табылган». Көкөмерен дарыясынан 28 жаштагы жаран изделип жатат

Чүй облусунун Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 28 жаштагы жарандын сөөгүн издөө иштерин улантууга бүгүн, 22-майда 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

19-майда саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган жаран Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон кайткан эмес. Кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.

Кечээ, 21-май күнү ИИМдин өтүнүчүнүн негизинде жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМден 10 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 23 адам, жалпы 45 адам тартылып издешти. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:45те издөө иштери убактылуу токтотулган.