«Кактус медиа» сайтынын кеңсесинин алдында митинг өттү

Бүгүн, 28-январда «Кактус медиа» сайтынын кеңсесинин алдында митинг өттү. Нааразычылыгын билдирип келген жарандар басылманын жабылышын талап кылышты.

Митингге чыккандардын айтымында, редакциянын чек арадагы чырды чагылдыруусу алардын нааразычылыгын жараткан. «Жаңжалдын келип чыгуусу боюнча тажик версиясы деп көрсөтүлгөн маалымат тажик булагынан алынып жарыяланган эмес. Редакция кечирим сураганына карабай, аны жабуу керек. Алар чагымчыл маалыматты чыгарышты», — дешти алар. Митингге чыккандар «Кактус медиа» сайтынан тышкары «Апрель» телеканалы, «Азаттык» радиосу жана «Kloop» сайтына да наарызычылыктары бар экенин билдиришти.

Кечээ, 27-январда «Кактус медиа» сайты чек арадагы чырды чагылдырууда Тажикстандын «Asia Plus» басылмасынын жаңжалдын келип чыгуу версиясы жөнүндө чыккан материалын жарыялаган. Өз учурунда «Кактус медиа» сайты ал маалымат боюнча түшүндүрмө таратты. «Башка басылмадан алынган маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз», — деп жазылат редакциянын түшүндүрмөсүндө.