«Кактус Медианын» журналисттери прокуратурага суракка чакыртылды

«Кактус Медианын» журналисттери Бишкек шаарынын прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу журналисттерге аталган сайттын башкы редактору Дина Маслова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн суракка журналисттер Марат Уралиев, Александр Шабалин жана Бермет Уланова чакыртылган. Буга чейин сайттын редакциясы суракка чакырылган.

27-январда «Кактус медиа» сайты чек арадагы чырды чагылдырууда Тажикстандын «Asia Plus» басылмасынын жаңжалдын келип чыгуу версиясы жөнүндө чыккан материалын жарыялаган. Аталган сайт ал маалымат боюнча түшүндүрмө тараткан. «Башка басылмадан алынган маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз», — деп жазылган редакциянын түшүндүрмөсүндө. Бул макалага байланыштуу 28-январь күнү «Кактус медиа» сайтынын кеңсесинин алдында митинг өтүп, нааразычылыгын билдирип келген жарандар басылманын жабылышын талап кылышкан. Кийинчерээк Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.