Бишкекте кайгуул кызматкерлери 6 жаштагы жоголгон баланы үй-бүлөсүнө жеткирди

Милициянын кайгуул кызматкерлери 6 жаштагы жоголгон баланын үйүн таап, жакындарына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июнда саат 20:30 чамасында Бишкек шаардык милициясынын «102» кызматына «Аламүдүн» базарында бала адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 6 жашар бала адашып, үйүн таппай жүргөндүгү, аны көчөдөгү жарандар көрүп, милиция чакыргандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери дароо чечим кабыл алып, баланы кызматтык унаага отургузуп, аз убакыттын ичинде жашаган дарегин таап, 1987-жылы туулган апасына сак-саламат жеткирип беришкен. Баласынын табылганына сүйүнгөн апасы кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.