Калкты тейлөө борборлору жана паспорт бөлүмдөрү 1-январдан 7-январга чейин иштебейт

Калкты тейлөө борборлору жана паспорт бөлүмдөрү 1-январдан 7-январга чейин иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, иш 8-январда башталат.

Жибек Жолу проспектиси 381, Нуркамал Жетишкаева көчөсү 29 дарегиндеги калкты тейлөө борборлору — 29-декабрда саат 20:00гө чейин иштейт. “Азия Моллдо”, “Глобуста” жайгашкан калкты тейлөө борборлору — 30-декабрда саат 10:00дөн 19:00гө чейин, 31-декабрда 10:00дөн 18:00гө чейин иштешет.