Калкты тейлөө борборлоруна эми онлайн кезекке тура аласыз

Эми Кыргызстан боюнча Түндүк мобилдик тиркемесинде онлайн-режиминде калкты тейлөө борборлоруна электрондук кезекке турсаңыз болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.

«Биз бул боюнча былтыр октябрь айынан бери иштеп келе жаттык, акыры баары оңунан чыкты. Бул биздин реформалардын биринчи гана кадамы. Жакында биздин жарандар үчүн дагы жаңычылдыктар болот», — деп жазылат министрдин билдирүүсүндө.