Калкты тейлөө борборлорунун иши кеңейтилиши мүмкүн

Мамлекеттик каттоо кызматы Калкты тейлөө борборлорунун ишин кеңейтүү маселесин карап жатат.

Маалыматка ылайык, президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндөгү» буйругунун жана  өкмөт башчысынын тапшырмасы менен калкты тейлөө борборлорунун 26%ы ачык мейкиндик режиминде иштөөгө багыт алышты.

“Бул технология жарандардын муктаждыктарын тейлөө кызматынын жеткиликтүүлүгү жана ыңгайлуу болушуна багытталган. Бул иштөө мейкиндигинин өзгөчөлүгү – мамлекет жана жарандын ортосундагы аралыкты жакындатып, мамлекеттик тейлөөнү ыкчам түрдө алууга жардам берет. Бүгүнкү күндө Калкты тейлөө борборлоруна кайрылгандар көп жана талап күчтүү.  Ошондуктан тейлөө операция бөлмөсүндө жана күтүү залында борборлордун жетекчилери кырдаалды көзөмөлдөп, жарандарга кошумча консультациялык кызматтарды көрсөтүшөт », — деп айтылат маалыматта.

Андыктан Калкты тейлөө борборлорунун иштөө убактысын кечки саат 22:00гө чейин узартуу каралып жатат. Пилоттук жараян жакынкы арада ишке киргизилет.

Мындан тышкары, Бишкекте башка мамлекеттик органдардын калкка кызмат көрсөтүүсүн камтыган универсалдуу тейлөө борборун ачуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө калкты тейлөө борборлорунда 36 түрдөгү кызматтар көрсөтүлөт.