Калмак-Ашуусунда изделип, кийин табылган айдоочунун унаасын оңдоп беришти (видео)

Нарындын Калмак-Ашуусунда калган Белоруссиянын МАН үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын бузулган тектиктери оңдолуп, айдоочу андан ары сапарын улады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

19-сентябрь күнү Белоруссиядан жүк тартып келе жаткан айдоочу Нарын облусу аркылуу Жалал-Абад шаарына бара жаткан, бирок жолдон адашып Соң-Көл тарапка кирип кеткен. Оор жүк ташуучу унаа Калмак-Ашуусуна жеткенде бузулган. Айдоочу Дмитрий Мехадюкту көрүп калган малчылар жардам көрсөтүп, мейманканага жайгаштырышкан. Ошол эле күнү ӨКМдин кызматкерлери ыкчам түрдө жардамга келишип, унаанын бузулган тетиктерин оңдоп, айдоочу 21-сентябрь күнү унаасын айдап Жумгал району аркылуу Жалал-Абад шаарына жөнөп кеткен.