Калмаматов Келдибеков, Исаков, Текебаев жана Жолдошовага карата каршы көрсөтмө берип жатабы? Өзүнүн жообу

УКМК тарабынан аэропортто кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов соцтармактарга ал жөнүндө жалган маалымат тарап жатканын айтып, кайрылуу жолдоду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жактоочусу жазылган кайрылууну бөлүштү. Анын айтымында, «бийлик менен сүйлөшүп Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев жана Жылдыз Жолдошовага карата каршы көрсөтмө берүүдө» деген маалыматтар калп.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, учурда мен камакта отурам. Мага коюлуп жаткан айып акылга сыйбайт жана адилетсиз. Бирок кеп башкада… Тилекке каршы менин душмандарым абакта отурганымдан пайдаланып, үстүмдөн ар кандай каралоолорду уюштуруп жатышат. Тагыраагы, мага байланыштуу жалган маалыматтарды социалдык тармактарга жайылтышууда. Камакка алынгандан тарта суракка алынган жокмун. Жактоочуларымдан башка эч ким менен сүйлөшө элекмин. «Бийлик менен сүйлөшүп Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев жана Жылдыз Жолдошовага карата каршы көрсөтмө берүүдө» деген маалыматтар толугу менен жалган жана кимдир бирөөлөргө каршы көрсөтмө берүү ниетим дагы жок», — деп жазды ал.

Бактыбек Калмаматов 21-декабрда кечинде «Манас» аэропортунан УКМКга жеткирилген. Ал баш коргоо чарасы тандалганга чейин эки суткага УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Эртеси анын кеңсеси менен үйү тинтүүгө алынды. Ал аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип жатат.