Калмаматов отургузулган унаа бутун тепсеп кеткен карындашынын абалы айтылды

24-декабрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда УКМК тарабынан кармалган мурдагы депутат Бактыбек Калмаматовдун баш коргоо чарасы каралып, 9-февралга чейин камакта калтырылган.

Соттук отурум бүткөн соң, Калмаматовду отургузуп алып кетип бара жаткан унаанын жолун тоскон тарапташтарынын бири жабыркаган. Соттун чечимине нааразы болгон экс-депутаттын тарапташтары унаанын жолун тосушкан. Унаа тарапташынын биринин бутун тепсеп кеткен. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги саясатчынын адвокаты менен байланышканында, жабыркаган жаран Калмаматовдун бир тууган карындашы экени маалым болду. «Абалы жакшы, ооруканага жаткан жок», — деди ал.