Каалоочулар фамилиясындагы «-ов, -еваны» «уулу, кызы, тегинге» алмаштыра алат. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңеште фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда айтылды.
Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири, депутат Мирлан Самыйкожо сунуштады. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору фамилия жана атасынын атын жазуунун азыркы вариантын жокко чыгарбай, фамилиясын жана атасынын атын жазууну тандоого кошумча мүмкүнчүлүк гана берерин баса белгиледи. Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинин директорунун орун басары Бекзат Ибраимов 2024-жылы 15,5 миң киши ар түрдүү себептер менен фамилияларын өзгөрткөнүн билдирди. Алардын арасында 226 жаран «тегинге» өтүшкөн.