Калпак кийген, кыргызча сүйлөгөн Новиков элдин назарын өзүнө буруп жатат

Буга чейинки чыгарылышта Исфанадагы аэропорттун жаңы аэровокзалынын ачылыш аземине премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун катышканын айтып бергенбиз. Дал ошол иш-чарада Новиковдун кыргыз тилинде сүйлөгөнү социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Видеодо анын мамлекеттик тилде сүйлөгөнү аземге катышкандар тарабынан да жылуу кабыл алынганы көрүнөт.

Буга чейин биринчи вице-премьердин Чүй облусунун Көк бөрү боюнча беттешине калпак кийип барганы да көпчүлүктүн көңүлүн бурган эле.