Калың карды жиреп, жарык берген энергетиктер Ардак грамота менен сыйланды

Калың карды жиреп, жарык берген энергетиктер сыйланды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат жана Кара-Кулжа РЭТтеринин электр куроочуларын кабыл алып, катаал шарттагы аба ырайына карабастан функционалдык милдеттерин так аткаргандыгын баса белгилеп ыраазычылыгын билдирди. Ал облус жетекчиси Элчибек Жантаевдин атынан Ардак грамота тапшырды. Ушул жылдын февраль айында Көк-Бел жана Алайкуу өрөөнүндө эмгектенген электр куроочулар авариялык кырдаалды калың жааган карга карабастан ат минип жана жөө чыгып оңдоп, калыбына келтиришкен», — деп айтылат маалыматта.