Калыс Жакыпов: «Бекжан Темирхандын максаты Орто Азияга таанымал болуу болчу»

10-ноябрь күнү «Ай, ай, эзилип бүттүм» деген ыр менен калың журтка таанылган ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болгон. Жол кырсыгына күбө болгон маркумдун жакындары окуя кандай болгонун эскеришти.

«Бекжан биздин арабызда шайыр, тарс-тарс сүйлөгөнү менен эсибизде калды. Суук кабарды Кызсайкал Кабылованын менеджеринен уктум. Мен чалганда өкүрүп ыйлап жатышыптыр. Ишенген жокмун. Нес болдум. Мени ооруканага келе бер дешти. Ооруканага барсак, өлүкканага алып кетишиптир. Экөөбүздүн ортобузда 4-5 жаш айырмачылык бар, менден улуу болчу. Ошентсе да абдан кичипейил эле. Акыркы жолу 10-15 күн мурун сүйлөшүптүрбүз. Жолугалы деди. Мен «аябай чарчадым» дегем. Азыр эстеп жаман болуп жатам. Анын максаты Орто Азияга таанылыш болчу», — деди Калыс Жакыпов.