Камакка алынган депутат Бакытбек Жетигеновдун тарапташтары митинге чыгышты

Бүгүн, 17-декабрда Бишкек шаардык сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновду колдоо митинги өтүп жатат. Чогулгандар эл өкүлүн бошотууну талап кылышууда.

Депутат бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалып, камакка алынган. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттары Жетигеновго карата кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечим чыгара алышкан эмес. Депутаттык комиссиянын мүчөсү Канат Исаевдин айтымында, жыйынга анын жактоочулары келбей калган. Ал эми ошол эле жыйында эки депутат – Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кол тийбестигин алуу маселеси боюнча чечим чыгарып, аларды камактан бошотуу боюнча чечим кабыл алышкан. Эки депутат эртеси эркиндикке чыккан. Ал эми Жетигенов боюнча 15-декабрда каралмак, бирок депутаттардын жыйыны 22-декабрга жылды.