Камакта жаткан Адахан Мадумаровдун ден соолугунун абалы кандай? Жактоочусу жооп берди

Учурда камакта жаткан Жогору Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун ден соолугу жана ага коюлуп жаткан айыптар боюнча жактоочусу маалымат берди.

«28-ноябрда мен Адахан Мадумаровго кирдим. Ал ден соолугунун абалына арызданган жок. Бирок кебетесинен жакшы эмес экени көрүнүп турат. 5-декабрда соттук отурум болот. Судья соттук отурумду ачып, ал отурумга жеткирилиши керек. Ага коюлган айыптар боюнча сөз берилиши керек. 2 иш бириктирилген. Эми ошол иштерди чогуу караса болобу ошол каралат. Сот иш боюнча кагаздарды көчүрүп алууга уруксат бербей жатат», — деди жактоочу.