Камакта кармалган Жеңиш Молдокматов элге кайрылуу жасады

“Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Кемпир-Абад иши тууралуу коомчулукка кайрылуу жасады.

«Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы ойлорубузду айтып, эч негизсиз жана мыйзамсыз бийлик тарабынан куугунтукталып 10 айдан бери абакта отурабыз. 26 адамдын бешөөнө оор операция жасалып, калганы дарыгерлердин көрсөтмөсү менен абакта кармоого мүмкүн болбогондуктан үй камагына чыгарылды. Бүгүн түрмөдө 14 адам барбыз. 8 айда 37 тергөөчү «бийликти басып алуу» же «массалык башаламандык уюштуруу» боюнча бир дагы далил табалган жок. Аргасыз, бийликке сын айткандарды түрмөдө кармап, коомдон бөлүш үчүн (изоляция) кылмыш ишин «жашыруун» кылышты. Иштин сотко өткөнүнө 2 айдан ашты. Биринчи эле отурумда соттук процессти жабык өтүү чечими кабыл алынды. Токтомдо соттун чечимине түшүндүрмө берилбестен жөн гана «жашыруун» өтөт деп жазып коюшту», — деп жазылат кайрылууда.

Жаш саясатчынын айтымында, тергөө учурунда кылмыш иши менен таанышышкан эмес.

«Эми сотто иш менен таанышалы десек, судья Марат Сыдыков мыйзамга ылайык соттук процессте бардык тараптардын катышында иш менен таанышуу чечимин кабыл албастан, өзү каалагандай чечип бизди токтом менен тааныштырган жок жана таанышуу графиги бекиген жок. 64 томдун ичинен жашыруун деген шылтоо менен 1чи жана 50чү томдорду өзүнүн кабинетине катып алып, таанышууга бербей жатканын кылмыш деп эсептейбиз», — деп уланып жазылат кайрылууда.

Жеңиш Молдокматов жана «Кемпир-Абад иши» деп атыккан окуянын алкагында кармалгандар соттук процесстин ачык өтүшүн талап кылышууда.