УКМК тарабынан аэропортто кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган мурдагы депутат Бактыбек Калмаматовдун апасы Тилдабүбү Жээнтаева президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
Анын айтымында, уулу негизсиз абакта жатат. Ал президенттен акыйкаттуулукту талап кылды.