Камактагы Мирлан Ураимовго Акыйкатчы аппаратынын кызматкери барды

Кечээ, 9-февралда Акыйкатчы аппаратынын кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовго барып келди. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.

Ал кызматкерге УКМКнын кызматкерлери тарабынан эч кандай ырайымсыз мамиле болбогонун, физикалык жана психологиялык кысымга туш болбогонун айткан. Ураимовдун камакта кармоо шартында эч кандай мыйзам бузуулар табылган эмес.